Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кийимдин адамдын моюну туура келген жерине ылайыкталып тигилген бөлүгү. Кайырма жака. Тик жака. Көйнөгүнүн жакасы жалжайып, каректери балбылдайт (Айтматов). 2. Суу, көл ж. б. жээги, чети, бою. Жаркырап аккан чоң суусу, Жакасы салкын көлөкө (Үсөнбаев). 3. Тоо этеги, тоо алды. Акбар бирде жайытта малда болсо, бирде жакада дыйканчылыкка барат (Убукеев). Тоолоруң ай, жакаң ай, Жайкалган жашыл жериң ай (Осмонов). Жакадан бозой келет деп, Жаталбай уйкуң качкандыр (Сарногоев).